Абылгазиев: туризм боюнча жаңы ишкана түзүлбөйт

Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин кечээки жыйынында билдирди.

Депутат Жанар Акаев өкмөт башчыдан туризм боюнча мамлекеттик ишкана ачуу тууралуу пикирин сурады.

Бизде туризм департаменти бар да. Сиздин оюңузча дагы бир мамлекеттик ишкана ачуунун кереги барбы?“,-деп Жанар Акаев суроо салды.

Мухаммедкалый Абылгазиев андай мамлекеттик ишкана түзүлбөйт деп жооп берди.

  • Эскерте кетсек, 26-ноябрда өкмөт башчы менен жолугушууда маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов «Кыргыз Туризм» мамлекеттик ишканасын түзүүнү сунуштаган.

Өкмөт туризмдин ИДӨдөгү үлүшүн 10% жеткирүнү көздөөдө

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика