Бажы тармагына 2019-жылы эки эсе көп акча берилет

Бажы тармагына 2019-жылы 1 млрд сом каражат бөлүнөт. Бул өткөн жылга салыштырмалуу эки эсеге көп. 

“Өнүгүү- Прогресс”  фракциясынын депутаты Алтынбек Жунус уулу буга нааразы болуп, казынаны рационалдуу бөлүштүрүүнү сунуштады.

Эмне себептен бажы кызматынын бюджетин эки эсе жогорулаттыңар? Алар эмне биздин бюджетти ошончолук көтөрүп жатышабы?“2018-жылы 500 млн сом  бөлүнгөн экен. А жаңы жылдан тарта эки эсе жогорулап жатат. Андан көрө аны  милицияга же дарыгерлерге бөлсөк, ошол жакта кескин реформа болмок ”, -дейт Алтынбек Жунус уулу. 

Премьер-министр фракция өкүлүнүн бул сунушун эске аларын белгиледи.

Кыргызстан Бажы биримдигине киргенден тарта бажы тармагында оптимизация иштери жүргүзүлөрү айтылган.

29-ноябрда Жогорку Кеңеш кийинки жылдын бюджетин мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эске алуу менен 151 млрд 454 млн сом өлчөмүндө үчүнчү окууда кабыл алышты.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика