Болот Шамшиевдин унаасын өрттөгөн шектүү топ кармалды

Белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиевдин автоунаасын уурдап, андан кийин өрттөп жиберген деген шек менен үч адам кармалды. 

ИИМдин маалыматына ылайык, алар – 24-25 жаштагы эки жаран. Үчүнчүсү буга чейин бир нече соттолгон адам.

Кармалгандардын көрсөтмөсүнө ылайык, алар Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринин короосунда спирт ичимдигин ичип отурган. Анан өздөрү айдап жүргөн «Мерседес» үлгүсүндөгү автоунаага окшош башка машине турганын көрүп, уурдай качышкан. Анын кээ бир тетиктери, төрт дөңгөлөгүн чыгарып алып, унааны өрттөп жиберишкен.

Милиция далил буюм катары дөңгөлөктөрдү тапкан.  Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Болот Шамшиев короодо турган унаасы жоголуп кеткенин 8-ноябрда билдирип, Бишкектин Свердлов райондук милициясына арыз жазган. Тартип сакчылары өрттөнгөн машинени Чүйдүн Молдовановка айылынан табышкан.

Болот Шамшиевдин айтканына караганда жоголгон автоунаасы 1989-жылы чыгарылган. 1993-жылы залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов Люксембургда элчи болуп турган кезде алган. Айтматов унаанын документтерин даярдоого көмөктөшкөнүн жана аны Кыргызстанга өзү айдап келгенин маалымат каражаттарына билдирген.

Кыргызстандын жана СССРдин эл артисти Болот Шамшиев 77 жашта. Ал  “Караш-Караш окуясы”, “Ысык-Көлдүн кызгалдактары”, “Ак кеме”, “Сүйүү жаңырыгы”, “Эрте келген турналар” “Бөрү зындан” жана башка көркөм тасмалары менен белгилүү.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика