Бюджет кабыл алынып жатканда Финполдун жетекчиси Эстонияда эс алып жүрөбү?

Кечээ өкмөт менен парламент Кыргызстандын өткөн жылдагы бюджетинин аткарылышы жана келе жаткан жылга карата каржы маселесин талашып-тартышып талкуулап жатканда, Каржы полициясынын башчысы Эстонияда эс алып жүргөнү баарынан да кызык болду. Анткени депутаттардын көбү өткөн жылдагы каржылык мыйзам бузуулар жөнүндө билгиси келди. Жетекчи жок, депутаттардын суроолоруна олку-солку жооптор болуп калды.

Андан да кызыгы, Каржы полициясынын башчысы Бакир Таировго карата 23-ноябрда Биринчи май райондук соту тарабынан Кыргызстандын аймагынан сыртка чыгууга тыюу салынган экен.

Соттордун чечими чор тамандарга иштеп, чоңдорго иштебей калганы бир топ эл өкүлдөрүн нааразы кылды. Бирок бири да чечкиндүү түрдө өкмөт башчыга чара көрүңүз деп айта алган жок.

Эстонияда эс алып жүрөбү, иш менен жүрөбү, кандай болгон күндө да соттун чечимин сыйлап, жөн эле өз өлкөсүндө отуруп турса болмок экен. Кудай сактап, карвалол ичпей, аман келсин эми…

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика