Ч.Айтматов атындагы сыйлык казак акынына ыйгарылды

Жогорку Кеңеш тарабынан берилүүчү Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык бул жылы казак эл акыны, жазуучу Олжас Сулейменовго ыйгарылды.

Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Сыйлыкты Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Асел Кодуранова ушул тапта Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн Парламенттер аралык ассамблеясынын 48-пленардык жыйынында тапшырды. Сыйлык ээси Олжас Сулейменов кыргыз парламентине ыраазычылык билдирди.

“Чыңгыз Айтматов менин устатым жана досум эле. Ал бир гана жазуучу эмес, көрөгөч, даанышман болчу. Ушундай улуу адамдын атындагы сыйлыкка ээ болуу мен үчүн чоң сыймык“,-деп эскерди.

2012-жылы Жогорку Кеңеш тарабынан негизделген улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык адабият жаатында ийгилик жараткан инсандарга ыйгарылат. Кыргызстандан бул сыйлыкка эл акыны Шайлообек Дүйшеев ээ болгон.

Өткөн жылы КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң долларды кымырып алган деп Башкы прокуратура Аскар Шадиевге кылмыш ишин козгогон.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика