Франциянын үч ири ишканасы Кыргызстанга инвестиция салууга кызыкдар

Жүгүртүүдө миллиарддаган евросу бар франциялык ири компаниялар Кыргызстанга инвестиция салууга кызыгуусун билдирүүдө. 

Инвестиция тартуу агенттигинин башчысы Шумкарбек Адилбек уулу Франциянын Кыргызстандагы элчиси Микаель Ру жана Орто Азия боюнча Франциянын экономикалык өкүлчүлүгүнүн башчысы Николя Стюдер менен жолукканда бул тууралуу сөз болду.

Микаель Ру Decathlon (Декатлон) компаниясы Кыргызстанга ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө кызыктар болуп жаткандыгын билдирди. Ал эми Адилбек уулу аталган компания менен кызматташуу иш аракеттер жүрүп жаткандыгын, талап кылынган документтер толук кандуу жиберилгендигин маалымдады.

Мындан сырткары Sain- Gobain, IDEMIA француз компаниялары жакынкы жылдарда Кыргызстанга келүү ниетинде.

Decathlon – Франциядагы чоң компания, 2016-жылкы эсеп боюнча анда 78 миң адам иштеп, 9 млрд евро бюджети бар. Спорттун 70тен ашуун түрү боюнча шаймандарды иштеп чыгарат.

Sain- Gobain –  Франциядагы курулуш материалдарын иштеп чыгуучу жана сатуучу компаниялардын тобу. Ошондой эле башка тармактарда да алдыңкы орунда турат. 2016-жылкы статистика: 172 миң жумушчусу бар. 39 млрд еврону жүгүртөт. Кыргызстанда гипсакортон чыгаруу боюнча иш алып барышууда.

IDEMIA – Биометрикалык документтерди даярдоочу, санариптик технологиялык компания. Францияда жарандардын коопсуздугун сактоодо, идентификациясын аныктоодо жана видео технологиялык жабдыктарды орнотууда алдыңкы орунда турат. Анда 14 миң миңадам эмгектенет, бюджети – 3 млрд АКШ доллары.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of