Грузиядан Кыргызстанга аткезчилик унааларын ташыган адам кармалды

Эл аралык издөөдө жүргөн Ш. у. З. аттуу жаран Армениядан Кыргызстанга экстрадицияланды. Ал Бишкектеги СИЗО-1 абагына киргизилди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Шектүү Орусия жана Кыргызстандын жарандарынан турган кылмыштуу топтун курамында Грузиядан Кыргызстанга автоунааларды аткезчилик жолу менен ташып жүргөн деп айыпталууда. Ал мындан сырткары Орусияда уурдалган унааларга жасалма документ даярдап, КР аймагында сатып жүргөн.

Кылмышка шектүү из жашырып жүргөн. Ага эл аралык издөө жарыяланган эле.

Шектүүнү Кыргызстан жана Армениянын Башкы прокуратураларынын биргеликтеги иш-аракетинин натыйжасында  кармашты.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика