“Хизбут-Тахрирдин” өтө көп сандагы адабияттары табылды

УКМК менен ИИМ өкүлдөрү буга чейин Ысык-Көлдө кармалган үч хизбуттахрирчинин үйлөрүнөн өтө көп сандагы тыюу салынган адабияттарды тапты. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Шектүүлөр өткөн аптада колго түшүрүлгөн. Аларга карата экстремисттик материалдарды даярдоо, сактоо жана таратуу беренеси менен иш ачылган. Анын алкагында кармалгандардын жашаган жери тинтилип, “Хизбут-Тахрирдин” тыюу салынган адабияттары алынды.

Бардык материалдар диний экспертизага жөнөтүлдү.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Сүрөт: УКМК

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of