ӨКМ: аба ырайы туруксуз болот

30-ноябры жана 1-декабрда өлкө аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, бүгүн, 30-ноябрда күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. 1-декабрда көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундысына 4-9 метрден, айрым жерлерде 18-23 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт.

1-2-декабрда абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -10…-15° күндүз -2…-7° суук болот.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 0…5° жылуу болот.

Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -5…-10° суук, күндүз -3° сууктан…+2° жылуулукка чейин, тоолуу райондордо жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -13…-18°, күндүз 0…-5° суук болот.

Бийик тоолуу райондордо жана Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -19…-24°, күндүз -8…   -13° суук болушу күтүлөт.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика