Кыргызстан менен Орусия аскердик-техникалык кызматташуу келишимине кол койду

Келишим аскер жаатындагы эки тараптуу кызматташуунун деңгээлин жогорулатат. 

Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстан менен аскердик-техникалык кызматташуу келишимин ишке ашыруу боюнча документке кол койду.

Тиешелүү жарлык 29-ноябрь күнү жарыяланды.

2017-жылдын 20-июнунда кабыл алынган Россия менен Кыргызстандын аскердик-техникалык кызматташуусу жөнүндөгү келишим бекитилсин”, — деп жарлыктын текстинде айтылат.

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков бул келишимге 2018-жылдын январь айында кол койгон.

Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, документ аскерий продукцияларды жеткирүү механизмин жакшыртуу, армияны жогорку эффективдүү курал-жарак менен камсыздандыруу, ошондой эле жамааттык коопсуздук системасынын техникалык компонентин түзүүгө багытталган.

Булак: Спутник

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика