Кыргызстандын башкы балатылары: узуну, үнөмдүүсү, чыгашалуусу. Инфографика

0

Кыргызстандын бардык чоң шаарларында Жаңы жылга карата жасалгалоо иштери башталды. Жалпылап алганда облус борборлору декабрды ортолоп майрам шаңына бөлөнөт. 

Эң бийик балаты Ош шаарында болот, а каржы жагынан Жалал-Абад баарын артта калтырды. Эң кыска 11 метрлик балаты Баткенде, ошого жараша каржысы да аз. 

Бишкекти кооздоого акча ажыратуу муниципалдык ишканаларга жүктөлгөн

Бишкек шаарынын башкы аянтына балатынын каркасы коюлду. Бийиктиги – 25 метр. Быйылкы жаңы жылдык жасалгалоонун концепциясын шаардын Архитектура жана курулуш башкармалыгынын башкы сүрөтчүсү Марат Жороев даярдады.

Мэриядан билдиришкендей, балатынын маңдайына “Кышкы жомок” деген композиция даярдалып жатат. Бишкек цирки көчөлөрдү жарык берүүчү шамдар менен кооздошууда.

Борбордук аянттагы негизги балатыга бюджеттен акча бөлүнгөн жок. Ар бир муниципиалдык ишканалар  каражат ажыратышты. “Бишкек-Тазалык” жана Абубакир Изибаев атындагы цирктин бюджетинен жасалгалап жатабыз”, -дешти мэриядан.

Жалпы чыгымдардын так санын азырынча муниципалитет айта албайт.

Ошондой эле жылда өтчү жаңы жылдык сынак жарыяланды. 1- 31- декабрга чейин шаар  тургундары өздөрүнүн конуштарын, имаратын кооздоп сынакка катышса болот.

“312” деген мобилдик тиркемеде флешмоб жарыяланды. Ага калаа тургундары Бишкекке байланышкан сүрөт, видеолорду жөнөтүшсө болот. Байге фонду -1 млн сом.


Ош шаары жаңы жылдык жасалгалоого 1,4 млн сом коротот

Ал эми Ош шаарында Жаңы жылга даярдык башталып, узундугу 27 метр балаты орнотулуп жатат.

Жылдагыдан өзгөчөлөнүп, быйылкы балаты кураштыруу жолу менен жасалат. Аны кайра бузуп, жыйнап алып койсо болот.

Жыл сайын балаты  сатып алыш керек деген көйгөйдөн арылдык. Кийинки жылы деле ушул балатыны тургузабыз. Мурдагылары бир жылда эле жараксыз болуп калчу. Муну ар жыл сайын тургузсак болот. Бул каражатты үнөмдөө максатында болду”, -дейт мэриянын маалымат кызматы.

Майрамга карата шаарды жасалгалоо иштерине жергиликтүү бюджеттен 1 млн 400 миң сом акча бөлүнгөн.


Талас шаары  болсо Жаңы жылга 132 миң сом жумшайт.

16 метрлик балаты орнотулуп, шаар тургундарына концерттик программа тартууланат. Бул тууралуу Талас шаарынын мэри Айдарбек Жусупбеков билдирди.

Даярдыктар 15-декарда бүтөт. Быйылкы балаты жылдагыдан айырмаланып, электр шам чырактары менен кооздолот.


Баткен шаарынын борбордук аянтына 11 метрлик балаты орнотулаары белгилүү болду.

Бул тууралуу шаар мэри Мамыржан Рахимов билдирди.

Рахимов “Кечээ тендер жарыяладык. Былтыркыдан 60 миң сомго үнөмдөө болду”, деп билдирди.

Жасалгалоо иштерине 100 миң сом бөлүнүп, жумуш 15-декабрга бүтүп калат.


Жалал-Абад Жаңы жылга 2,3 млн сом коротот

Жалал-Абад мэриясы быйыл жаңы жылга тоодон арча кыйып келбейт. Шаардык мэрия кооздо иштерине 2 млн 300 миң сом  каражат ажыратты. Борбордук аянтына 25 метрлик балаты орнотулууда.

Жылдагыдан айырмаланып, быйыл тоодо өскөн арча эмес, жасалма балаты коюлат.

Шаар тургундары да бул демилгени туура көрүшүүдө.

Орнотуу иштери декабрь айынын ортолоруна барып аяктайт. Ошондой эле Жалал-Абад шаарында 25 метрлик балаты биринчи жолу орнотулуп жатканы белгиленет. Буга чейинкилери 18-20 метрден ашкан эмес.


Каракол былтыр Кытайдан алдырган балатысын кайра жасайт

Каракол шаары жаңы балаты сатып алышпайт. Былтыр Кытайдан алып келинген балаты бар. Аны жасалгалоого жергиликтүү бюджеттен 200 миң сом каралды.

Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Азырынча эскиздер даярдалып жатат. Шаар тургундарына толук 14- декабрга бүтүрүп беришет.

Ал эми 22- декабрдан баштап, балатынын айланасында ар кандай оюн-зоок, концерттик программалар коюла баштайт.


Нарын шаары Жаңы жылга даярдык көрө элек

Бирок жергиликтүү бийлик 200 миң сом ажыратты. Бийиктиги 12-13 метрлик балатыны былтыркыдай эле токойдон кыйып алып келишет. Токой чарбасы менен мэрия ал боюнча тактоо иштерин жүргүзүп жатышат.

Баса, жаңы жылдык жасалгалоо иштеринен да миллиондорду жешет турбайбы. Кенен маалымат бул жакта:

УКМК: Бишкекти Жаңы жылга жасалгалоодон 8 млн сом зыян болгон

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Популярное видео

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of