Ош-Бишкек жолунда ири көлөмдөгү күйүүчү май жүктөп бараткан унаа кармалды

Салык кызматкерлери Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы менен биргеликте “Сосновка” көзөмөл- -өткөрмө пунктунан мыйзамсыз 37 миң 865 литр дизель отунун жүктөп бараткан авто унааны кармашты.

Салык кызматынын маалымат борбору билдиргендей, транспорт каражаты салык мыйзамдарынын талаптарынын сакталышы боюнча жүргүзүлгөн рейд учурунда кармалды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, жүгү бар авто унаа күмөндүү документтер жана салык кызматынын күмөндүү пломбалары менен Бишкек-Ош каттамы боюнча бара жаткан.

Бул боюнча акт түзүлүп, кармалган авто унаа жүгү менен жагдайлар такталгычакты айып төлөөчү жайга токтотулду.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика