Ош: кооптуу аймакта жашагандардын жарымынан көбү конуш которо элек

Табигый кырсык болгон жана кооптуу аймак деп эсептелген Ош облусунун аймагында 1994-жылдан 2018-жылдын бүгүнкү күнүнө чейин көчүрүлүүгө тийиш болгон 2671 кожолук аныкталган. Алардын ичинен 1168 кожолук мамлекеттен жардам жана  жер тилкелерин ала электиктен, кооптуу аймакта жашоосун улантууда.

Мындай маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Сабиржан Курбанбаев билдирди.

Анын айтымында, 1503 кожолук мамлекет тарабынан жардам  жана жер тилкелерин алгандыгына карабастан кооптуу аймакта жашоосун улантып жатышат.

Ош облусунун аймактарында кар көчкү жана жер көчкү түшүү коркунучу жогору. Буга чейин облустун Өзгөн районунда жер көчүп, 26 адамды басып калган.

                                                                            

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика