Спорт, намаз, каргыш. Эркиндикке чыккан Мотуев пост жазды

Нурлан Мотуев туптуура бир жыл темир тор артында отуруп, эркиндикке чыкканын Фейсбук баракчасына жазды. Тагыраагы, ал жатак абагына которулду. 


Мыйзам боюнча жатак абактагы адам кайтарууга алынбайт, бирок аптасына бир жолу келип катталып, дайын-дарегин билдирип турууга милдеттүү. Бул деген соттолгон адам өз үйүндө жүрө берүүгө, мүмкүнчүлүгү болсо иштөөгө укугу бар дегенди түшүндүрөт. Бирок жатак абакка которулган адам биринчи 10 күн эч кайда чыкпай кайтарууда болот. (Азаттыктын түшүндүрмөсү)


Мотуев бир жыл  бою темир тор артында спорт менен алектенгенин сандар менен далилдеп өттү. Мисалы ал, бир жылда 40 миң жолу отжимание жасаган. Эки күндүн биринде 15 чарчы метр жерге жарым саатка эс алууга чыкканда, аянтты 80 жолу айланып отуруп, жалпы 80 чакырым чуркаптыр.

Нурлан Мотуев кылмыш дүйнөсүнүн эмес, шариаттын талаптары боюнча жашап, беш маал намазды калтырбаганын да айтты.

Бирок дин жолунда жүргөн “көмүр падышасынын” каргышы катуу имиш.

“Мени жатак абактан жабык режимдеги түрмөгө которгон Тимур Анаркулов (жатак абактын начальниги) азыр инсульт болуп ооруп жатат – зорго басып, шыбырап сүйлөйт. Кыскасы, ага менин каргышым тийди. Мен муну бетине да айттым. Үн каткан жок. Эгер мурдагыдай кыйскырса, экинчи инсульт аны көргө алып кетмек. Азыр жатак абактын башчысынын милдетин Самат Абдраев аткарууда. Андыктан, залимдер, акылыңарга келгиле!” – деп жазган Мотуев. 

 Ал УКМКнын СИЗОсунда отурган “Атамбаевдин бандасын” да каргышсыз калтырбаганын кошумчалады. 

Нурлан Мотуев 2017-жылдын августунда террордук ишмердүүлүккө чакыруу жана улут, диний аралык кастыкты козутуу беренелери менен 7 жылга соттолгон.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика