Укук коргоо кызматкерлеринен ыдык көргөн жарандын президентке кайрылуусу териштирилди

Президент Сооронбай Жээнбековго кайрылган жарандын арызы боюнча кылмыш ишин иликтөө кайрадан жандандырылды.

Бул тууралуу президенттик аппараттан коопсуздук кеңешинин катчылыгына шилтеме берүү менен билдиришти.

Ага ылайык, 24-ноябрь күнү КТРК телеканалында Бактияр Самыйбек уулу аттуу жаран  ички иштер органдарынын кызматкерлеринин аракеттерине арызданган видеосюжет көрсөтүлгөн. Аталган жаран президент Сооронбай Жээнбековдун дарегине ички иштер органдарынын кызматкерлерине карата чара көрүү тууралуу өтүнүч менен кайрылган.

Кайрылууда Бишкек шаарындагы Ленин ИИБ №1шаардык милиция бөлүмүндө  ага карата күч колдонуп, уюлдук телефонун сындырып салышканы айтылган.

Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын  тапшырмасы менен ИИМдин ички иликтөө кызматы тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн, анын жыйынтыгы менен текшерүүнүн материалдарына юридикалык баа берүү үчүн Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасына жөнөтүлгөн.

Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы бир нече беренелер боюнча  кылмыш ишин козгоп, кылмыш ишин иликтөө УКМКнын башкы иликтөө башкармалыгына тапшырылган.

Иш боюнча зарыл болгон бардык экспертизалар белгиленип, алгачкы иликтөө аракеттери  аткарылган. Стамбул протоколунун талаптарын эске алуу менен жабырлануучуга соттук психологиялык-психикалык экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгы менен Бактияр Самыйбек уулунун айткандарын ырастаган бүтүм чыккан.

Жогоруда аталган кылмыш иши боюнча иликтөө кайрадан жандандырылып, жакынкы аралыкта  күнөөлүү адамдарга тиешелүү айыптар тагылары айтылат маалыматта.

Иликтөөнүн жана  мындан аркы соттук териштирүүнүн жүрүшү  Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын көзөмөлүндө болот.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика