Өзбекстан: кайрымдуулук фонд 145 студенттин контрагын төлөп берди

Өзбекстан мусулмандар дин башкармалыгынын алдындагы «Вакф» кайрымдуулук фонду 145 студенттин 1 миллиард 200 миллион сумдук (146 миң доллар) контрагын төлөп берди. Бул тууралуу фонддун басма сөз кызматы билдирди. 

Буга чейин фонд диний окуу жайлар менен изилдөө борборлордун ишмердүүлүгүн каржылоого дээрлик 36 миң доллар, студенттерге, профессорлорго жана диний окуу жайлардын окутуучуларына курлыкать жана социалдык колдоо көрсөтүү үчүн 165 миллион 20 миң доллар, аз камсыз болгон адамдарга материалдык жардам көрсөтүү үчүн 141 миң доллар бөлгөн. Булардын жалпы суммасы 403 миң долларды түзгөн.

Өзбекстан мусулмандар дин башкармалыгынын алдындагы «Вакф» кайрымдуулук фонду Юстиция министрлигинде 2012-жылдын 10-майында каттоодон өткөн.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика