Өзгөчө баалуу дарактарды кыйган киши кармалды

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын Жалал-Абад облусунун Токтогул району жана Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Кара-Көл шаарлары боюнча райондор аралык бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Токтогул районунда “К.Ш.” деген жаран башкарып бараткан “МАН” маркасындагы автоунааны кармашкан.

Аталган кызматтын маалымат кызматы билдиргендей, унаага өзгөчө баалуу болгон бактар, тагыраак айтканда, грек жаңгагынын уюктары жана грек жаңгагынан кесилген тактайлар жүктөп баратканы аныкталган.

Чогулткан материалдар боюнча Токтогул районунун прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 279-1-беренесинде каралган өзгөчө баалуу дарактарды мыйзамсыз кыюу боюнча кылмыш ишин козгоду.

Кыргызстанда 2030-жылга чейин өзгөчө баалуу дарактарды (жаңгак жана арча) кыюуга, өстүрбөй зыян келтирүүгө, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого, пайдаланууга, буюмдарды жасоого, экспорттоого тыюу салынган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика