Жээнбеков кесиптешин куттуктады

Президент Сооронбай Жээнбеков Грузиянын жаңы шайланган президенти Саломе Зурабишвилини куттуктаган телеграммасын жолдоду.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, өлкө башчысынын куттуктоосунда Кыргызстан менен Грузиянын ортосунда достук жана кызматташтык мамилеси мындан ары жаңы деңгээлге чыгарына ишеним артары белгиленген.

28-ноябр күнү Грузияда өткөн президенттик шайлоодо 66 жаштагы Саломе Зурабишвили 59,5% менен жеңишке жеткен. Аял кишинин президент болушу Грузиянын тарыхында биринчи жолу болууда.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика