Нарындан Аксыга которулган бугулар кароосуз калып, айыл аралап жүрөт

Нарындын “Бугу-Марал” коругунан Жалал-Абаддын Авлетим коругуна которулган бугулар айыл аралап жүрөт. Бул тууралуу Авлетим айылынын тургуну Кундуз Усупбаева “Калыс Медиага” билдирди.

Усупбаеванын айтымына караганда колго үйрөтүлгөн бугу-маралдарды Авлетим коругуна алып келип? эч кандай шарты жок токойго кое беришкен.

“Колго үйрөтүлгөн тогуз баш бугуну Аксыга алып барып, шарт түзүп көбөйтөбүз деп долбоор жазышкан. Анан ал долбоор ишке ашып, Америкадан акча бөлүнгөн. Бул жакка алып келип, колго үйрөтүлгөн бугуларды шарты жок жөн эле токойго кое беришкен. Жапайы токойго кое берсе жоголот да. Анан колго үйрөнгөн маралдан бирөө айылга түшүп жатат. Калганы жок”,- деди айыл тургуну.

Бул тууралуу Кундуз социалдык баракчасына да жазып чыккан.

Эске сала кетсек, Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунда көп жылдан бери багылып жаткан жыйырмадан ашуун бугу-маралдын тогузу ушул жылдын 23-июнь күнү Жалал-Абад облусунун аймагына көбөйтүү максатында көчүрүлгөн.

Нарындан Жалал-Абадга көчүрүлгөн тогуз бугу-маралдын ичинен төртөө марал. Бирөө быйыл жаңы туулган музоо. Бугу-маралдарды көчүрүү иши эл аралык долбоорлордун жардамы менен ишке ашкан.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика