Президенттин аппаратынын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы дайындалды. Резюме

Президенттин аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнүн башчысы болуп Орозалиев Акылбек Атабекович дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Бул кызматты Турдиназир Бекбоев президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын башчылыгына кеткенге чейин аркалап келген.

Резюмеси:

1970-жылы 2-августта туулган.

Жогорку билимдүү.

1992-жылы Москвадагы айыл чарба өндүрүшүнүн инженерлер институтун аяктаган.

1998-жылы КР Президентинин алдындагы башкаруу Академиясын аяктаган.

2012-жылы Кыргыз-орус Славян университетин аяктаган.

Милициянын полковниги. Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кеңешчиси.

Эмгек таржымалы:

09.1987 — 06.1992-жж. — Москвадагы айыл чарба өндүрүшүнүн инженерлер институту, студент;

10.1992 — 07.1993-жж. –ЖЧК «Эдельвейс», менеджер;

08.1994 — 01.1995-жж. — Ноокат районунун мамлекеттик администрациясы, Жарандык коргонуу штабынын башчысы;

01.1995 — 10.1995-жж. — Ноокат районунун мамлекеттик администрациясы, жаштар иштери боюнча комиссиянын төрагасы;

10.1995 — 08.1997-жж. — Ноокат районунун мамлекеттик администрациясы, канцеляриянын башчысы;

08.1997 — 07.1998-жж. — КР Президентинин алдындагы башкаруу Академиясы, угуучу;

10.1998 — 02.2000-жж. — Ош облусунун мамлекеттик администрациясы, коргонуу жана укук коргоо органдарынын ишмердигин координациялоо боюнча бөлүмү, башкы адис;

02.2000 — 05.2000-жж. — Ош облусунун мамлекеттик администрациясы, губернатордун жардамчысы;

05.2000 — 09.2000-жж. — Ош облусунун мамлекеттик администрациясы, финансы-чарба бөлүмү, башчы;

09.2000 — 04.2001-жж. — Ош облусунун мамлекеттик администрациясы, өзгөчө кырдаалдар, курулуш жана коммуналдык чарба департаменти, директор;

04.2001 — 08.2001-жж. — КР Финансы министрлиги, мамлекеттик секторду каржылоо башкармалыгы, мамлекеттик кызматтын административдик реформалар бөлүмү, жетекчи адис;

08.2001 — 02.2002-жж. — КР Финансы министрлиги, маалыматтык камсыздоо бөлүмү, башчы;

02.2002 — 04.2002-жж. — КР Ички иштер министрлиги, кадрларды башкаруу башкармалыгы, комплектөө жана эсепке алуу бөлүмү, инспектор;

12.2004 — 01.2009-жж. —  КР Ички иштер министрлиги, оперативдик анализ жүргүзүү башкармалыгы, башчы;

08.2008 — 05.2010-жж. —  КР Ички иштер министрлиги, атайын орто милиция мектеби, кадрлар бөлүмү, башчы;

05.2010 — 08.2010 -жж. — КР Убактылуу Өкмөттүн Аппараты, соттор коомчулуктары менен өз ара аракеттенишүү бөлүмү, эксперт;

08.2010 — 02.2012-жж. — КР Президентинин Администрациясы,  сот органдары менен өз ара аракеттенишүү бөлүмү, эксперт;

02.2012 — 11.2012-жж. — КР Өкмөттүнүн Аппараты, уюштуруу-инспектордук иш жана регионалдык мониторинг бөлүмү, инспектор;

11.2012 — 02.2018-жж. — КР Президентинин Аппараты, мамлекеттик жана территориалдык башкаруу жана кадр иш бөлүмү, инспектор;

02.2018 — 12.2018-жж. — КР Президентинин Аппараты, мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмү, бөлүм башчысынын орун басары — өнүктүрүү мониторингинин секторунун башчысы;

12.2018 ж. — Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнүн башчысы.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика