Астананын депутаты эл алдына ич кийими жок чыкты (сүрөт)

Казакстандын Астана шаарынын VII чакырылыштагы Жаштар кеңешинин (маслихат)  депутаты Динагул Тасова “Fashion Night Astana” мода көргөзмөсүндө ачык кийинип чыкканы интернетте чоң талкуу жаратты.

Депутат көргөзмөгө Dana Dyusembayeva” мода үйү тарабынан даярдалган көйнөктү ич кийими жок кийип чыккан.

Динагул Тасова өзүнүн инстаграм баракчасына көкүрөгүн жаап түшкөн сүрөтүн жайгаштырган. Бирок интернет колдонуучулар анын ачык түшкөн сүрөттөрүн жарыялап, кызуу талкууга алышууда.

Депутат бул кезге чейин журналист, модель болуп иштеген. Ушул жылдын октябрь айында Армениянын Ереван шаарында болгон “КМШнын то-модели”, сулуулар конкурсуна катышып, 16 мамлекеттен келген 30 катышуучунун ичинен байгелүү орунга жетишкен.

Ал Астана шаарынын Жаштар маслихатына ушул жылы депутат болгон эле.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

#fna2018 #fashionastana #fashionnightastana

Публикация от Фотограф Астана/Караганда (@by.alina.p)

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика