Аба ырайы: күн ачык болот

Бүгүн, 3-декабрь, жаңырган аптанын башында өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт.

Кыргызгидрометтен билдиргендей, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй, Нарын аймактарында 0 градустан +5 градуска чейин жылуу,

Таласта +1 +6 градуска чейин жылуу,

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +5 +10 градуска дейре жылуу болот,

Ысык-Көл өрөөнүндө -3 градус сууктан +2 градуска чейин жылуу болмокчу.

Ош шаарында абанын температурасы +8 +10, Бишкекте +2 +4 градус жылуу болот.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика