Ачык кийинген Динагул Тасова жөнүндө расмий Астана үн катты

Казакстандын Астана шаарынын расмий өкүлү Данияр Эсин ачык кийинип эл алдына чыккан Динагул Тасова эл өкүлү эмес экенин Фейсбуктагы баракчасына билдирди.

Астана Жаштар кеңеши (Маслихати) демилгечи жаштар тарабынан коомдук уюм катары түзүлгөн. Юстициядан да уюм катары каттоодон өткөн. Ал эми мода көргөзмөгө ич кийими жок, ачык кийинип чыккан Динагул Тасова Астана шаардык маслихатинин эмес, уюм катары каттоодон өткөн Астана шаардык жаштар кеңешинин мүчөсү”, – деп айтылат маалыматта.

  • Астана шаарынын VII чакырылыштагы Жаштар кеңешинин (маслихат)  депутаты Динагул Тасова “Fashion Night Astana” мода көргөзмөсүндө ачык кийинип чыкты делген маалымат интернетте чоң талкуу жараткан.
  • Динагул Тасова бул кезге чейин журналист, модель болуп иштеген. Ушул жылдын октябрь айында Армениянын Ереван шаарында болгон “КМШнын топ-модели” сулуулар сынагына катышып, 16 мамлекеттен келген 30 катышуучунун ичинен байгелүү орунга жетишкен.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика