Ариана Гранденин клибин Youtube`да төрт күндө 90 млн жолу көрүштү

Америкалык ырчы Ариана Гранденин жаңы клиби учурда YouTube каналында популярдуулуктун туу чокусунда турган чагы. Клипти көрүп, пикир калтырууда видеохостингде кыйынчылыктар жаралган. Ошондуктан колдонуучулар ролик ютубдун ишин татаалдаштырды деп тамашалап чыгышты. 

Ырчы видеону өзүнүн YouTube каналына жүктөгөн. Клип жарыялангандан 35 мүнөт өтпөй, миллион көрүүчүнү топтогон. Төрт күндө клипти көргөндөрдүн саны 92 миллиондон ашты. Ал эми лайк баскандар 6 миллионго чамалап калды.

Көрүүчүлөрдүн саны мүнөт сайын 100 миңден ашууда.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика