Атайын эсепке дагы 11 млн сомдон ашуун каражат которулду

Өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматы бирдиктүү депозиттик эсепке 11 млн 215 миң 817 сом которду.

Мекеменин маалымат кызматы билдиргендей, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча бирдиктүү депозиттик эсепке ушуну менен аталган мекеменин которгон акчасынын жалпы суммасы 238 млн сомго жакындап калды.

Атайын депозиттик эсеп президент Сооронбай Жээнбековдун демилгеси менен жемкорлордон өндүрүлгөн акчаны топтоо үчүн Каржы министрлигинин алдында ачылган.

Атайын эсепке УКМК, Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы, Башкы прокуратура жана Ички иштер министрлиги өз тармагындагы коррупциялык иштерден өндүргөн каражатты которушат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика