Бокошев: билим берүү жайларынын чыгымдары республикалык казынадан каралышы керек

Жергиликтүү бюджеттерден каржыланып келген мектеп, бала бакчалардын электр энергия, жылуулук берүү сыяктуу коммуналдык төлөмдөрүн республикалык бюджетке өткөрүү керек. Мындай сунушун эл өкүлү Кенжебек Бокошев Жогорку Кеңеште билдирди. 

Депутат мындан сырткары аймактардагы маданият үйлөрү, китепканалар да жергиликтүү казынанын жоопкерчилигине берилип калганын сынга алды.

Бишкектеги эле филармония, театрларды карап отура бересиңер. Министрликтер айыл жерлериндеги маданият үйлөрүн, китепканаларды да балансына өткөрүп, толук каржылоосун алыш керек”, -дейт.

Депутаттын бул сунушун премьер-министр да колдоду.

Маданият, билим берүү жаатында министрликтер менен ушул саясатты алып барабыз. Сиз айтып жаткан объектилердин баары республикалык бюджетте болуш керек”, – дейт Абылгазиев.

Кенжебек Бокошев ошол эле айыл, чакан шаарлардын ички жолдорун оңдоого убакыт келгенин белгиледи.

Абылгазиев: “Жол боюнча сиз менен сүйлөшкөнбүз. Анын саясатын, технологиясын алып барчу кадрды тандап атабыз”, -деп жооп берди.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика