Кыргыз бешбармагы Гиннестин рекорддор китебинин сертификатын алды

Жарым тонна салмактагы бешбармак Бишкекте жасалып, рекорд жараткан. 

Сертификатты тапшыруу аземи борбордогу соода борборлорунун биринде болуп өткөн. Бул тууралуу уюштуруу тобу билдирди.

1464 килограмм салмактагы улуттук тамак 11-мартта Бишкек шаарында даярдалган. Аны менен бирге 117 метрлик чучук да жасалган. Гиннестер китебине арыз ташталып, алар май айында табыштаманы канааттандырган.

Бешбармак тууралуу маалымат Гиннестин жазылмалар топтомуна жайгаштырылган.

Сүрөт: Азаттык

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика