Кыргызстандын футзалчылары Азия чемпионатына жолдомо алды

Кыргызстан жаштар курамасы футзал боюнча 20 жашка чейинкилер арасында өтүүчү Азия чемпионатына катышуу укугуна ээ болду.

Жолдомо тагдырын тандалма оюндардын үчүнчү туру, Тажикстан менен Өзбекстандын ортосундагы оюн чечмек. Өзбекстан жаштары болгону тең чыкканда “А” тайпасынанда биринчи орунга көтөрүлмөк. Бирок алар Тажикстандан 7:2 эсебинде утулуп калышты.

Буга чейин Кыргызстан курамасы Өзбекстандан (6:3) жеңилип, Тажикстанды (6:3) уткан болчу. Үчүнчү турдан кийин үч команда тең 3төн упай топтоп, бирок киргизген жана өткөрүп жиберилген топтордун айырмасы менен Кыргызстан жаштары тайпада биринчи орунга көтөрүлдү.

Эрежеге ылайык, Азия чемпионатына тандалма оюндарында 6 команда эки тайпага бөлүнүп беттештерди өткөрөт. Чемпионаттын финалдык баскычына 3 жолдомо алат. Алар: тайпалардын жеңүүчүлөрү жана көрсөткүчтөрү боюнча башкаларга салыштырмалуу эң мыкты болгон дагы бир команда.

2019-жылы боло турган жаштар арасындагы футзал боюнча Азия чемпионатын өткөрүүгө Ирандан Тебриз жана Түркмөнстандын Ашхабад шаарлары табыштама берген.

Кыргызстандын футзалчылары Тажикстанды ири эсепте утуп алды

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика