Нарында жер көчтү

Нарын облусунун Жумгал районундагы Миң-Куш айылында жер көчкөнү кабарланды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиргендей, жердин көчүшү “Жумгал Суу Курулуш» көмүр казган ишканасынын аймагында болгон.

Кырсык 1-декабрда болжол менен саат 12:30дар чамасында катталып, жер көчкүнүн көлөмү болжол менен 35000 м3 болгон.

Кырсыктын кесепетинен Ыраакы Миң-Куш тилкесине баруучу таза суу түтүгү жана «Жумгал Суу Курулуш» көмүр казган ишканасынын 2 даана электр зым карагайы жабыркаган.

ӨКМден ырасташкандай, учурда жер көчкү акырындык менен жылып жатат. Анткен менен турак-үйлөргө коркунуч жок экенин билдиришти.

Буга чейин жер көчүү ыктымалдуугу бар экени тууралуу сентябрь айында эскертүү берилген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги быйыл кыш катаал болорун, кар көп жаарын эскертип, алдын алуу чараларын күчөтүүнү жергиликтүү куткаруучуларга байма-бай эскертип келет.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика