Ош мэриясы мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардан кабар алды

Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар азык-түлүк баштыктарын, майыптар үчүн арабаларды жана акчалай колдоо алышты. 

Ушул тапта Ош мэриясы мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын күнүнө карата жарандардан үйлөрүнө барып кабар алууда. Саибжан Турдуев баш болгон вице-мэрлер  калаа башчысынын атынан аларга материалдык жардам көрсөтүштү.

Бул күндү дүйнө жүзү белгилеп жатат. Ош шаардык мэриясы калаадагы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды ар дайым камкордукка алууга даяр. Баарыңыздарга бекем ден соолук каалайм”,- деди Турдуев.

Ошондой эле балдардын ден-соолугун калыбына келтирүү борборунан да барышып, белектерди тапшырышты.

Буга чейин мэрия майып адамдарга даректүү колдоо көрсөтүү максатында 15-ноябрдан 15-декабрга чейин «Биз биргебиз» аттуу бир айлык жарыялаган. Ош шаарындагы мекеме-уюм, билим берүү, социалдык мекемелер материалдык колдоого муктаж, турмуш шарты оор, жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга даректүү колдоолорду көрсөтүшүүдө.

Мекеменин маалыматына ылайык, шаарда 7 миңге жакын майып социалдык жөлөкпул алышат. Алардын ичинен 18 жашка чейинки балдар – 950.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика