Ошто милиция кызматкери жол кырсыгында набыт болду

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкери, 33 жаштагы Максатбек Рахманжан уулу жол кырсыгынан каза болду.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, каргаша 3-декабрга караган түнү болгон.

Маркум Ош облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүсү болуп иштеп жаткан.

Ал бул кызматта мерт болоордон бир ай мурда дайындалган.

Максатбек Рахманжан уулу 1985-жылы 18-июлда Ош облусунун Ноокат районунда туулган. Эмгек жолунда укук коргоо органында бир катар жооптуу кызматтарда иштеген. Артында 3 уул бир кызы калды.

Учурда милиция кызматкеринин өлүмү боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика