Президент майыптар менен иш алып барган өкүлдөр менен жолугушту

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жардамдарды алып, татыктуу жашоо деңгээлин камсыздоо максатында ар бири бул жашоодо өз ордун таап, өздөрүн коомго керектүү сезиши керек.

Бул тууралуу «Социалдык ишкерлер ассоциациясы» жана «Майып балдардын ата-энелеринин ассоциациясы» коомдук уюмдардын өкүлдөрү Мирбек Асангариев  жана Сейнеп Дыйканбаева президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда айтылды.

Президенттик аппараттан билдиргендей, алар мамлекет башчыга майып балдары бар үй-бүлөлөрдү колдоо, анын ичинде мындай балдарды баккан ата-энелерге эмгек акысын төлөө маселелерин айтышты.

«2019-жылдын январь айынан тартып, майып балдарды баккан ата-энелер эмгек акысын ала баштаары белгилүү болду. Бул абдан чоң жеңиш, майыптыгы бар адам толук кандуу жашай алышы үчүн мындай үй-бүлөлөрдү биздин өлкөдө колдой баштагандары жакшы жөрөлгө», -деди Сейнеп Дыйканбаева.

Мамлекет башчысы Мирбек Асангариевге жана Сейнеп Дыйканбаевага коомдогу аярлуу жарандардын кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоого багытталган иш-чаралары, жумуштары жана бул багыт боюнча мамлекеттик органдарга даярдаган сунуштары үчүн ыраазычылык билдирди.

«Майыптарга карата жасалган мамиле — коомдун гумандуулугунун көрсөткүчү. Мамлекетибиздин милдети — аларга колдоо көрсөтүп, көмөктөшүү менен чектелбестен, жашоосуна, эмгектенишине, социалдык жана маданий талаптары аткарылышына тиешелүү шарттарды түзүп берүү. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарыбызга жардам көрсөтүү — мамлекетибиздин социалдык саясатында мындан ары дагы артыкчылыктуу багыттардын бири болуп кала берет», — деди өлкө жетекчиси.

Президент Сооронбай Жээнбеков жолугушуунун соңунда Мирбек Асангариев менен Сейнеп Дыйканбаевага Президенттин энчилүү сааттарын тапшырды.

Социалдык ишкерлер ассоциациясы 2012-жылы түзүлүп, Борбордук Азия боюнча социалдык ишкердикти жайылтып, мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарды ишкерлик менен алек болууга чакырып, аларга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү менен алектенет. Коомдук уюм аркылуу 2 миңден ашык адам окуудан өтүп, 70ке жакын социалдык ишканалар ачылды.

«Майып балдардын ата-энелеринин ассоциациясы» 20 жылдан бери өз ишмердигин жүргүзүп келет. Билим берүү жана илим министрлиги жана «Сорос-Кыргызстан» фонду менен биргеликте ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн мектепке чейинки даярдоо программанын долбоорун кыргыз тилинде иштеп чыккан.

Расмий маалыматтар боюнча республикада 181,4 миң ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам бар, анын 29,8 миңи – балдар.

Сүрөт: Султан Досалиев

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика