Президенттик фонддон майыптарга 5 млн сом бөлүндү

3-декабрь – Мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын күнүнө карата президенттин резервдик фондунан 5 млн сом бөлүндү. Сооронбай Жээнбеков тиешелүү буйрукка кол койгонун басма сөз кызматы билдирди.

Каражаттын тең жарымы – 2,5 млн сому Эмгек жана социалдык өнүктурүү министрлигине, калган жарымы Билим берүү министрлигине берилди.

Кыргызстанда181 миңден ашуун ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адам каттоого алынган. Анын отуз миңдейи 18 жашка чейинки балдар.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика