Самаркандектеги муктаждарга 25 тонна көмүр таратылды

Имамдын демилгеси менен муктаж үй-бүлөлөргө 25 тонна көмүр таркатылды. 

Баткендин Самаркандек айылындагы муктаж үй-бүлөлөр 3 каптан акысыз көмүр алышты. Кайрымдуулукту айылдагы “Нур Ислам” мечитинде жергиликтүү ишкер Сүйүнбай Ташпулатов көрсөткөн.

Ислам дининде алган колго караганда берген кол артык деп айтылат. Ошондуктан бул сөзгө амал кылуу максатында Ташпулатовдун колдоосу менен муктаждарга жардам берүү аракети ишке ашырылды”, – дейт айылдын имамы Исламидин ажы Назаров.

Жардам алган үй-бүлөлөр ишкерге ыраазычылык билдиришти.

Ушундай эле жардам айылдагы мечиттерге да берилди. Жалпы 25 тонна көмүрдү Сүлүктүдөн алып келишкен.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика