Судьялыкка тогуз талапкердин бешөө президенттин сынынан өттү. Тизме

Президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен Аламүдүн райондук сотуна, Ысык-Көл облустук жана Бишкек шаардык сотуна жаңы беш судья жиберилди. 

Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, Жээнбековго КРдин Сотторду тандоо кеңешинен тогуз талапкерди судьялыкка дайындоо сунушу түшкөн. Алар – Жогорку сотко бир, Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотуна бир, Ысык-Көл облустук сотуна эки, Бишкек шаардык сотуна беш талапкер.

Талапкерлерди президент 23-ноябрда кабыл алып, аңгемелешип көргөн. Андан сырткары алар тууралуу түрдүү мамлекеттик органдардан талап кылынган кошумча материалдарды изилдеп чыгып, Жээнбеков төрт талапкер боюнча материалдарды Сотторду тандоо кеңешине кайра кайтарып берген.

Калган бешөөнү сот кылып дайындоо жөнүндө жарлыгын чыгарган.

Алар:

Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотуна — Мээрим Казыгулова;

Ысык-Көл облустук сотуна — Жаңыл Борончиева;

Бишкек шаардык сотуна — Алмаз Карабеков, Антонина Рыбалкина, Жамиля Сабитова.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика