Январда бензин баасы канча сомго көтөрүлөрү болжонду

Январь айында Кыргызстанда бензиндин баасы 2,5-3 сомго көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришти. Анткени Орусиядан күйүүчү майды бажы төлөмүсүз ташуу үзгүлтүккө учурашы мүмкүн.

Кыргызстанга күйүүчү май негизинен Орусиядан ташылат. Эки өлкө нефтепродуктуларын бажы төлөмүсүз ташуу боюнча  жыл сайын бекитилчү индикативдик баланстын негизинде макулдашууга кол коет. Эгер ошол баланстагыдан товар көлөмү ашып кетсе, экспорттук бажы төлөмдөрүн РФ бюджетине төлөө милдети жаралат.

Кезектеги жыл үчүн индикативдик балансты тараптардын тиешелүү органдары 1-октябрга чейин макулдашышы керек эле. Бирок азырынча ага кол коюла элек.

Мындан улам 2019-жылдын 1-январынан тарта Орусиядан бажы төлөмүсүз май ташуу токтоп калуу тобокелчилиги бар. Андай болсо экспорттук бажы төлөм алына баштайт, Кыргызстандагы бензиндин чекене баасы литрине 2,5-3 сомго кымбатташы мүмкүн.

Ассосация маселеге тиешелүү органдар көңүл бурат деген ишеничин билдирди.

Кыргызстан өзүнө керек күйүүчү май көлөмүнүн 80%ын Орусиядан алат, 20%ын жергиликтүү нефтезаводдор чыгарат. ЕАЭБ алкагында күйүүчү май жаатындагы жалпы рынок 2025-жылдан гана ишке кирет. Ага чейин товарды бажы төлөмүсүз ташып кирүү эки тараптуу макулдашуу менен жүзөгө ашат. Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда 2016-жылдан бери мындай макулдашуу бар.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика