Жылкы издеп кеткен Лейлектин тургуну дайынсыз болууда

Лейлек районунун тургуну төрт күндөн бери дайынсыз болууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлагандай, 29-ноябрь күнү 1966-жылы туулган К. М. аттуу жаран Катраң айыл аймагынын Өзгөрүш айылындагы үйүнөн Бужум жайлоосунун Ак-Таш жайытына жылкы издеп чыгып кеткен боюнча келген эмес.

Издөө иш-чараларын жүргүзүүгө жалпысы болуп  25 куткаруучу тартылган. Издөө иш-чараларына карабай, табылган эмес. Куткаруучулар жеринде чатыр тигип түнөп калышкан. Жергиликтүү тургунду издөө аракети  бүгүн, 3-декабрь күнү да улантылат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика