Асмандагы романтика. Жигит сүйүктүүсүнүн колун учакта сураган

Казакстандын тургуну сүйүктүүсүнүн колун 10 миң метр бийиктиктен сурады. Романтикалуу видеоролик YouTube каналына жарыяланды. 

Жигит болочоктогу жарына сюрприз даярдаш үчүн алдын ала самолеттун экипажы менен сүйлөшүп алган болушу мүмкүн. Стюардесса үн күчөткүч менен Айжан атуу жүргүнчүгө өзгөчө белек бардыгын айткан.

Сен мени түп тамырыман өзгөрттүң. Сени сүйөм! Сен мен үчүн эң кымбат адамсың, үй-бүлө очогун кургум келет. Мен сени менен жерде болобу же асмандабы, ар дайым бирге болом”, -деген жигит.

Андан соң  сүйүктүүсүнүн алдында тизе бүгүп, колуна шакегин кармап, көптөн күткөн: “Мага турмушка чыкчы”, -деген сөздү айткан. Кыз “макулмун”, -деген жообун берди. А учактагылар кол чаап жиберишкен.

Жүргүнчүлөр менен экипаж мүчөлөрү эки жашты куттуктап, бакыт каалашты.

Романтикалуу окуя 2013-жылы болгон. А видеосун мурдагы күнү YouTube-каналына чыгарышты.

10 миң метр бийиктикте сүйлөшкөн кызынын колун сураган жигит Астананын тургуну, 30 жаштагы Улыбек Киманов. Ал Казакстандын ММКларынын бирине  болочоктогу жубайы менен кантип таанышып калганын, кыздын жүрөгүн багынтыш үчүн өзгөчө идея кайдан келгенин айтып берди.

Улыбек үйлөнүү  тууралуу чечимин 5 жыл мурун чыгарган. Ал 2013- жылдын жазында олуттуу кадам жасап, өзүнүн бул жоругу менен кызды таң калтырган.  Ошол маалда эстелик катары тартылган видеону эми жарыялоону чечти.

Айжан экөөбүз “Балачактын” бүтүрүүчүлөрүбүз. 2011-жылы кайрымдуулук иш- чара болуп, таанышып калдык. 2 жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп, анан мен ага үйлөнүү сунушун айттым. Самолетте колун сураганымын себеби, ал бул күндү өмүр бою жылмаюу менен эстеп жүрсө дейм. Алдын ала экипаж мүчөлөрү менен сүйлөштүм”, -дейт Улыбек.

Ушул тапта жаш түгөйлөр Астанада жашап, бир уул, бир кызды тарбиялап жатышат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of