Бишкек бийлиги Жаңы жылга канча акча короторун ачыктады

Борбор калааны майрамга карата кооздого 6,5 млн сом коротулмай болду. 

Бул тууралуу мэрияда кечээ өткөн жыйында айтылды.

Шаар мэри Азиз Суракматов былтыркы кооздо иштерине канча каражат сарпталганына кызыкты. Жыйындагылар “Бишкексвет” муниципалдык ишканасы 15 млн сом бөлгөнүн, жалпы 17 млн сом кеткенин айтышты.

Ошентип, быйыл муниципалитет былтыркыга караганда 2,5 эсеге аз акча сарптамай болууда. Үнөмдөө балатынын мурдагы конструкцияларын, кооздоо каражаттарын колдонуунун эсебинен болгону айтылууда.


Биз өткөн жумада Кыргызстандын негизги шаарларындагы Жаңы жылга даярдык, чыгымдар тууралуу инфографика даярдаганбыз. Шилтемени басыңыз:

Кыргызстандын башкы балатылары: узуну, үнөмдүүсү, чыгашалуусу. Инфографика


Бишкек мэриясы менен шаардык свет ишканасы 2017-жылды утурлай жаңы жылдык жасалгалардан 8 млн сомду кантип кымырып калганын бул жактан окусаңыз болот.

УКМК: Бишкекти Жаңы жылга жасалгалоодон 8 млн сом зыян болгон

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика