Чаткалда кармалган 16 баланын баш коргоо чарасы каралууда

Чаткалда кармалган 14 баланын баш коргоо чарасы Жалал-Абадда каралып жатат. Бул тууралуу “Калыс Медиага” жергиликтүү тургундардын бири Замира Омошова билдирди.

“Мурун кармалган 14, түндө дагы эки баланы милиция кармап кеткен экен, аларды дагы кошуп жалпы 16 баланы сот залына алып кирип кетишти.  Чаткалдан балдардын туугандары да келишкен. Алар бардыгы биригип, бир адвокат жалдашкан. Балдардын атынан ошол адвокат кирип кеткен. Азырынча кандай чечим кабыл алаары белгисиз”, – деди Омошова.

5-ноябрда Терек-Сай айылындагы “Эти Бакыр Терексай” ишканасынын күзөтчүлөрү малын айдап келүүгө барган жергиликтүү тургунду сабап салган. Келтектелген бала өзүнүн досторун чогултуп барып, кайра экинчи тарапты уруп салышат.

2-декабрда милиция окуя боюнча Терек-Сай айылынын 14 тургунун тергөөгө алып кеткен. Ал балдарды бошотуу талабы менен жергиликтүү тургундар митингге чыгышкан.

Ал эми депутат Жанар Акаев өкмөт окуя болгон жерге барбай жаткандыгын сындап чыккан эле.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика