“ХБКовская Бема”. Мушташтын дагы бир видеосу чыкты

0

Ош шаарында окуучу кыздардын мушташкан видеосу эсиңиздеби? Көрсө, анда өспүрүмдөрдүн “разборкасынын” бир чети гана берилген экен. Соцтармакка ошол чатактын кызуу жеринен дагы бир видео тарады. 

Ош ШИИБнин басма сөз катчысы Замир Сыдыков “Калыс Медиага” билдиргендей, соцтармакка кечээ тараган видеонун каармандары – ошол эле кыздар.

Баса, бул иш боюнча тергөө амалдары уланууда.


Мушташкан өспүрүм кыздарды милиция дароо эле тапкан. Алдын ала иликтөө ур-тепкиге алып жаткан кыз мурда уурулук жана бейбаштык үчүн соттолгонун көрсөттү.

Окуя 21-ноябрда түшкө жакын болгон. Алгач Инстаграмдагы фейк-аккаунттарынан айтыша кеткен кыздар талашты чечип алуу үчүн Ош шаарынан жолугат. “Космонавттар” багында башталган талаш үй короосунда уланып, мушташ чыгат.

Ур-тепкиде калган өспүрүм Ош шаарындагы мектептердин биринде 11-класста окуйт, 16 жашта. Аны сабаган жана окуяны камерага тарткан курдаштар – Отуз-Адыр айылынын тургундары. Үч кыз тең жалгыз бой энелердин колунда тарбияланган.

Видеодо кызды тепкилеп жаткан отузадырлык өспүрүм буга чейин уурулук жана бейбаштык үчүн соттолгон. Ушул тапта ал дагы бир уурулук иште Кара-Суу милициясында шектүү катары өтүүдө. Ал эми видеого тартып жаткан анын курбусу эч жерде окубайт, 15 жашынан медреседе окуп, аппендицит болуп калгандыгына байланыштуу анысын таштап койгон.


Бул фактыны милиция бейбаштык катары каттап, териштирүүнү улантууда. Кыздар бири-бирине арыз жазуудан баш тарткан.

Сүрѳттѳ: кызыл курткачан кыз – жабырлануучу, кара күрмѳчѳн кыз – шектүү, жоолукчан – видеотасмага тарткан кыз/Ош ШИИБ

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Популярное видео

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of