Өкмөттүн Баткендеги өкүлүнүн биринчи орун басары иштен кетти

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Алишер Абдрахманов берген арызынын негизинде кызматынын алынды. Бул тууралуу “Калыс Медиага” ал өзү билдирди.

Алишер Абдрахманов өткөн аптанын акырында жумуштан кетүү боюнча арызын жазган. Ал өкмөт өкүлүнүн биринчи орун басары болуп 2,5 жыл иштеди.

Азыр Алишер Абдрахмановдун ордуна  Жылдызбек Исакулов дайындалары айтылууда. Ал өкмөттүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп иштеген.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика