Лука Модрич алтын топтун ээси болду

“Реал Мадрид” жана Хорватиянын жарым коргоочусу Лука Модрич 2018-жылдагы алтын топтун ээси болду. 

Алтын топ үчүн күрөштө Модрич “Ювентустун” чабуулчусу Криштиано Роналдо менен “Атлетико” жарым коргоочусу Антуан Гризмандан өттү.

Бул үчөөнөн сырткары мыкты ондуктун ичине Килиан Мбаппе, Лионель Месси, Рафаэль Варан, Мохамед Салах, Кевин де Брёйне, Эден Азар жана Харри Кейн кирген.

Эң мыкты жаш оюнчу деп “Пари Сен-Жермен” жана Франциянын чабуулчу Килиан Мбаппе табылды.

  • Акыркы 10 жылдан бери алтын топтопту болгону эки оюнчу жеңип келген. Криштиано Роналдо менен Лионель Месси 5 жолудан сыйлыкты алган.
  • Лука Модрич буга чейин 2018-жылдагы сыйлыктардын баарын уткан: 2018-жылдагы дүйнөнүн эң мыкты оюнчусу, дүйнө чемпионатынын мыкты оюнчусу жана Европанын мыкты оюнчусу.
  • Модрич быйылкы сезондо “Реал” менен чемпиондор лигасын жеңип, Хорватия курамасы менен дүйнөлүк биринчиликте экинчи орунду алган.
  • Хорватиялык жарым коргоочу 2012-жылы август айында “Тоттенхэмден” “Реалга” 27 млн фунт стерлингге өткөн

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика