Нарын: жер көчкү жылгандыктан тазалоо иштери токтоп турат

Нарын облусунун Миң-Куш айылындагы “Жумгал Суу Курулуш” көмүр казган ишканасынын аймагына түшкөн жер көчкү акырындык менен жылып жаткандыгына байланыштуу, тазалоо иштери убактылуу токтоп турат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиргендей, болжол менен 600 миң м3 жер көчкүсү сүрүлүп, анын ичинен 45 миң м3 жер көчкү Ыраакы-Миң-Куш тилкесине баруучу унаа жолду жаап калган.

Көмүр казган ишкананын 2 даана электр зым карагайы жабыркаган. Ишкана тарабынан жергиликтүү эл атайын цистерналар менен таза суу менен камсыз кылынууда. Жер көчкүнүн кесепетинен жабыркаган таза суу түтүкчөлөрүн калыбына келтирүү иш чаралары жүргүзүлүүдө. Окуучулардын билим алуусун  үзгүлтүккө учуратпоо максатында жеринде атайын имаратта окутуулар уюштурулган.

1-декабрь күнү саат 12:30 чамасында Миң-Куш айылынын Ыраакы Миң-Куш тилкесиндеги “Жумгал Суу Курулуш” көмүр казган ишканасынын аймагында жер көчкөн.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of