“Ош” базарындагы өрттүн себебин жана чыгымын тактап жатышат

3-декабрдан 4үнө караган түнү Бишкек шаарындагы  “Ош” базарында өрт чыкты.

ӨКМден билдиришкендей, өрт туурасында саат 23.39да маалымат түшкөн. Б.Бейшеналиева жана Токтогул көчөсүнүн кесилишинде сатуучу күркөлөр күйүп жатканы кабарланган. Өрт өчүрүү үчүн алты бригада жана ИИМдин кызматкерлери тартылган.

Тилсиз жоонун кесепетинен жалпысынан соода кылуучу 15-20 жай жана ашкана күйгөндүгү кабарланууда. Өрт саат 0.52де өчүрүлгөн.

3-декабрь санитардык күн болгондуктан базар иштеген эмес. Ошондуктан өрттүн келип чыгуу себептерин эч ким билбейт. Азыркы учурда келтирилген чыгымдар, эмне себептен өрт чыккандыгын тактоо максатында тиешелүү адистер иш алып барышууда.

  • Ош базарын буга чейин үч ирет тилсиз жоо каптаган. Апрелдеги кырсыктын себеби катары атайылап өрттөө каралып, укук коргоо органдары иликтөө баштаган эле.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика