“Ош-Тазалыкка” мушкер жетекчи келди

“Ош-Тазалык” атайын адистештирилген муниципалдык ишканасынын башчысы Талант Капаров ээлеген кызматынын бошотулду. Тиешелүү буйрукка Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов кол койгонун мэриянын коомчулук менен байланыш кызматынан кабарлашты.

Калаа башчысынын буйругунун негизинде ишкананын жаңы жетекчиси болуп Исмаилов Нурбек Даткабаевич дайындалды.

Нурбек Исмаилов 2018-жылдын январь айынан бери Ош шаардык мэриясына караштуу муниципалдык автотранспорт ишканасынын жетекчисинин орун басары болуп иштеп келген.

Нурбек Исмаиловдун “Кличко” каймана аты бар. Ал спорттун грэпплинг түрү менен алектенет.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика