Осмонбек Артыкбаев ооруканага которулду

Бишкек ЖЭБди модернизациялоодогу коррупция боюнча камакка алынган Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев УКМКнын тергөө абагынан ооруканага которулду. Бул тууралуу атайын кызматтын расмий өкүлү “Калыс Медиага” билдирди.

Даарылануу үчүн Артыкбаевди ооруканага которуу боюнча соттун чечими 30-ноябрда чыккан. Ал медиктердин көзөмөлүндө, абалы туруктуу.

Осмонбек Артыкбаев энергетика министри болуп турган мезгилде Бишкек жылуулук электр борборунун монернизациялоодогу кетирилген кемчиликтер, коррупциялык иштер боюнча кылмыш иши козголуп, “коррупция” беренеси менен ушул жылдын 5-июнунда камакка алынган.

Артыкбаев жайында Улуттук кардиология борборунда дарыланып, 23-июлда ооруканадан кайра СИЗОго кайтарылган. Дарыгерлер эл өкүлүнүн жүрөгү ооруганын айтышып, ага аритмия, астма деп диагноз коюп, кан басымы көтөрүлүп кеткенин аныкташкан.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика