Соцөнүгүү министрлиги президент берген 2,5 млн сомду кайда иштетти?

3-декабрь – Мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын күнүнө карата президенттик фонддон 5 млн сом ажыратылган. Анын тең жарымы Социалдык өнүгүү министрлигине, калган бөлүгү Билим берүү министрлигине берилди. 

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги  2,5 млн сомду 10 социалдык мекемеге 250 миң сомдон кылып бөлүп берди. Алар тыйынга кем-каржысын толуктамай болду.

Каражат төмөнкү социалдык мекемелерге берилди:

– Төмөнкү- Серафимовкадагы карылар жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн социалдык мекемеси;

– Жайылдагы аялдардын психоневрологиялык социалдык мекемеси;

– Ак- Суудагы аялдардын психоневрологиялык социалдык мекемеси;

– Токмоктогу №1 эркектер үчүн психоневрологиялык социалдык мекемеси;

– Токмоктогу №2 аралаш психоневрологиялык социалдык мекемеси;

– Беловодскийдеги балдардын психоневрологиялык социалдык мекемеси;

– Кадамжайдагы аралаш психоневрологиялык социалдык мекемеси;

– Покровкадагы аралаш психоневрологиялык социалдык мекемеси;

– Жалал-Абаддагы балдардын психоневрологиялык социалдык мекемеси;

– Сокулуктагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерди калыбына келтирүүчү социалдык мекемеси.

Президенттик фонддон майыптарга 5 млн сом бөлүндү

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика