Жарым жылдан бери айлык албаган жолчулар нааразылык билдирип чыкты

Ош-Баткен-Исфана автожолунун курулушуна катышкан жергиликтүү тургундар алты айдан бери эмгек акысын алыша элек.

Жолчулар бүгүн Кадамжайда чогулуп, нааразылык билдиришти. Райондун акими Жаныбек Исаков жол курган “Чакыр йапы” фирмасынын жетекчилери менен байланышып, эки тарапты бир пикирге келүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин эл тарап кетти.

Жол курган компания башка бир компанияны субподрядчик катары жалдап иштетишкен экен. Алар жергиликтүү тургундарды жумушка алган. Анан кээ биринин үйүн ижарага алып иштеткен. Кээ биринин техникасын пайдаланган. Алардын баарынын акчасы биригип, компаниянын айтымы боюнча 300 миң доллардын тегереги болот экен. Компаниянын өкүлү ушул жума күнү келип, элдер менен жолугушуп, маселени чече тургандыгын билдиришти”, – деди Исаков.

  • Эске сала кетсек, ушул жылдын июль айында курулушчулар маяналарын ала албай жатышкандыгын билдирип иш таштаган.
  • Кийин ноябрь айында маалымат жыйын өткөрүшүп, преизденттин атына кайрылуу жолдошкон эле.
  • Ош-Баткен-Инсфана жолун курууга Ислам өнүктүрүү банкынан каражат тартылган. Долбоор баасы –  $21 млн. Өткөн жылдын майында Транспорт министрлиги менен Түркиянын  «Алке Иншаат Санайи ве Тижарет» 18 млн доллардык долбоорго кол койгон.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика