«Жунда» заводу боюнча депутаттык комиссия түзүлдү

“Жунда” заводунун ишмердүүлүгү боюнча  депутаттык комиссия түзүлдү.

Парламенттин маалымат кызматы билдиргендей, комиссия сырттан химиялык заттарды алып келүү, аларды республика аймагына киргизүү жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдардын сакталышын иликтейт.

Комиссияга депутаттар Айтмамат Назаров, Абылкайыр Узакбаев, Бакирдин Субанбеков, Алмасбек Акматов,  Мухтар Айнакулов, Экмат Байбакпаев жана мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү кирген.

Жунда” заводу Кытайдан келген инвестициянын эсебинен Кара-Балта шаарында курулган. Жылына 800 миң тонна мунай иштетүүгө ылайыкташканы менен түрдүү пикир келишпестиктерден улам толук кандуу иштей албай келет.

Жергиликтүү тургундар заводон бөлүнүп чыккан уулуу заттар экологияга, ден соолукка зыянын тийгизип жатат деп нааразы болуп келишкен.

Өткөн айда завод ишин убактылуу токтотуп, кайра иштей баштаган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика